Кыргыз шахматчы Ислам Байсынов Дүйнө чемпиондугун багындырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына спортчу өзү билдирди.
Анын айтымында, мелдеш 21-30-апрель аралыгында Италияда өткөн.
"Кальгари шаарында шахмат сүйүүчүлөрдүн арасында Дүйнө чемпиондугу өтүп, анда мен рейтингдеги 2000 упайга чейинки спорт чеберлери арасында күч сынашып 2-орунга ээ болдум. Ал эми шахматтын блиц түрү боюнча Дүйнө чемпиону аталдым. Буга чейин 2016-жылы дагы Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлегем", - деди Ислам Байсынов.
Эске салсак, Байсынов 2017-жылдын апрель айында Таиланддын Чиангмай шаарында өткөн Азия чемпиондугун багындырган.