Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, жанындагы 3 үй кошо өрттөнүп кетти

Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, жанындагы үч үйгө өтүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өрт бүгүн, 30-апрелде саат 13:39 чамасында Фурманов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр жана милиция кызматкерлери менен "Тез жардам" унаасы окуя болгон жерге барган. Тилсиз жоо өрттөнгөн турак жайдын жанындагы 3 үйгө да өтүп кеткен. Өрт саат 14:50дө чектөөгө алынган, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми, Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова SUPER.KG порталына "Ош шаарындагы Фурманов көчөсүндө чыккан өрттүн кесепетинен ооруканага кайрылгандар жок", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suyor
2018-04-30 16:29:17
Бири бирине тийип турган жеендердин уйлоруго чето
+2
AzKumFerDan
2018-04-30 20:22:15
+20..+30г ысык болду бугун Ошто .мункун ушул ысыкда өрттүн күч алышына себеп болгондур.Ошто жээндердин үйлөрү жогоруда Suyor мырза айткандай бири бирине такап салышкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан