Бүгүн, 30-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
ӨКМнын маалыматына таянсак, саат 12:30 чамасында Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен зилзала катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Ачы-Суу айылдарында 2 баллга чейин жеткен. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыр тарткандар жок.