Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG порталынын Түз эфиринин маек төрүндө ырчы Алмаз Шаадаев болмокчу.
"Чыгармачылык менен жүрүп убакыттын өткөнүн байкабай калыптырмын. Кыз жандап, ага көңүл бурганга убакытым аз. Келечекте мени түшүнгөн, ыймандуу, жылдыздуу кызга туш болсом дейм", - деген ал.
Ырчылыктан тышкары Алмаз Шаадаев 2012-2013-жылдары "Дөөлөт" студиясында иштеп, ар кандай мультфильмдерде, тасмаларда үн коштогон. Мисалы, "Жашоо сүртүмдөрү" деген түрк сериалындагы Эткиндин үнүн коштогон. Андан кийин "Чыңгызханда" Боорчу деген аскер башынын, "Аватар" тасмасында дарыгердин үнүн коштогон.
2015-жылы актёр катары "Апа, быйыл сөзсүз үйлөнөм" деген тасмада эпизоддук роль жаратып, тамашакөй, шок баланын образын ачып берген.
Алмаз Шаадаевге арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот. Ырчы сиздин суроолоруңузга бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.