Белгилүү көк бөрүчү бир туугандар Манас, Кыяз, Байыш Ниязовдордун "Достук" командасынан кеткендиги тууралуу маалымат кызуу талкуу жаратты

Белгилүү көк бөрүчү бир туугандар Манас, Кыяз, Байыш Ниязовдордун "Достук" командасынан кеткендиги тууралуу маалымат кызуу талкуу жаратты.

Инстаграм социалдык тармагындагы көк бөрү аталышындагы бир нече баракчаларда Кыргыздын белгилүү көк бөрүчүлөрү "Достук" командасынын оюнчулары Манас Ниязов, Байыш Ниязов жана Кыяз Ниязов "Достук" командасынын курамынан чыкканын жана алар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышпай тургандыгын жазып чыгышты. Аталган маалымат интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жаратты.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул чындыкка дал келбеген маалымат экенин билдирсе, айрымдары спортчулар чын эле айрым бир себептерден улам командадан кеткендигин айтып билдирүү калтырышкан.

Аталган суроого жооп алуу үчүн көк бөрүчүлөрдүн өздөрү менен байланышканга мүмкүн болгон жок. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Көк бөрү федерациясы оюнчулар тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

"Бизде оюнчулардын командадан чыкканы же чыкпаганы тууралуу маалымат жок. 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган оюнга билдирмелерди кабыл алуу 5-майда токтойт. Ошондо бизге "Достук" командасынын курамы белгилүү болот. Азыркы убакта аталган командадан билдирме келе элек", - деп билдирди федерациянын басма сөз кызматы.

Улакчы ага-ини Ниязовдор “Достуктан” кетиштиби?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Ernic
2018-04-30 23:49:07
Ынтымактан утула берип тажашты окшойт.))
+4
fantomas
2018-05-01 08:43:06
Ernic, куч атасын тааныбайт дейт. Ынтымакты буга чейин утуп эле келишкен, калыс чыр кылып женишти Ынтымакка алып бергенин айтпаганда...
+6
meni_kut
2018-05-01 09:44:36
Ernic,башка улутту женсенсип ынтымакты кайрале айтасын да,бир жуйоолуу себеп мн кетишкендир.
+5
Zainidin96
2018-04-30 23:49:54
Чын эле бир себеби бар болсо керек кочмондордон коромго деп жаткам кайтып келиниздер достук чемпион Алга Кыргызстан Алга Достук
+8
King_Messi
2018-05-01 00:06:28
Жок кетпеген ынтыкакты Эми женет !
0
Kylymbek_isakulov
2018-05-01 01:12:52
Достук ен мыкты каманда
+9
egiz-jigit
2018-05-01 08:15:01
Булар жок улак кызыксыз корбой деле койсо болот.
+16
bek-94
2018-05-01 08:15:50
достук чемпион болот
+4
Nanei
2018-05-01 09:01:32
bek-94,болбойт
-9
fantomas
2018-05-01 08:47:18
Кочмондор оюнуна барбай туура кылышат. Бойкот жарыялаш керек...

Тигинде Кытай турат мыйыганан жылмайып. "Кыргыздар акчасын талаага, оюн-зоокко чача берсин. Буюрса Кыргызстандын да алтын-кумушу, жери-топурагы мага отот, меники болот" деп...

Чондор го Акаев менен Бакиевдин артынан качып кетишет элден уурдаган миллиондорун артынып. Биз кайда барабыз эл-журт, Мекенибиз Кыргызстанды Кытайга берип коюп...Кичине ойлонгулачы... Кереги жок Кочмондор оюнунун...
+16
Nagii
2018-05-01 09:09:47
fantomas,туура айтасыз, бизге кочмондор оюну таптакыр кереги жок, пайдасы жок нерсеге акча коротуп жатабыз
+8
Zamka79
2018-05-01 09:28:31
fantomas,Эн туура айттын...
Чачканга оч калк келет окшойбуз
+9
MEDER_KULETOV
2018-05-01 09:30:04
Кочмондорго корогон акча кочмондор оюнун откорбой койгон кундо деле ошол акча чондордун сол чонтогуно кетет андан коро откоро беришсин
-5
Ferdews
2018-05-01 16:14:01
Кочмондор оюунун откоргонго мен каршымын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан