Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарында футзал боюнча Өлкө чемпиондугунун финалдык беттеши орун алды. Анда Оштун "EREM" командасы менен Бишкектин "Алга" командалары кез келди.
Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде орун алган беттеш оштук команданын жеңиши менен аяктады. Беттештин жүрүшүндө алгачкы голду "EREM" командасынын оюнчулары киргизди. Юлдашбай Салимбаев эсепти 0:1 кылса, "Алганын" оюнчулары Файзали Сардоровдун голу менен жооп берди. "EREM" Улан Байгазы уулунун голу менен эсепти 1:2 кылып, андан соң Юлдашбай Салимбаев эсепти 1:3 кылып кетти. Буга бишкектик команда Сардоровдун жана беттештин акыркы мүнөттөрүндө Азат Исабековдун голу менен жооп берип, эсепти теңдей алды.
Кошумча 2 таймда командалар бирден гол киргизип, жеңүүчүнү пенальтилер сериясында аныктамай болду. Пенальтилер сериясында "EREM" командасынын оюнчулары таамай болуп, 0:2 эсеби менен жеңишти илип кетти.
Муну менен оштук "EREM" чемпион болсо, бишкектик "Алга" 2-орунду ээледи. Ал эми Өлкө биринчилигинин коло медалдарынын ээси бишкектик "Фарватёр" командасы болду.