Кыргыз баскетболчулар стритбол боюнча Азия кубогуна катыша албай калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын баскетбол федерациясынын башкы катчысы Евгений Пехов билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз курамасы Азия кубогуна Кытай элчилиги виза бербей койгонуна байланыштуу бара албай калды.
"Бизге виза бербей койгондуктан Азия кубогуна бара албай калдык. Бизде чакыруу барактары жана башка документтер бар болчу. Элчилик виза бербей койгон себептерин айткан жок", - деди Пехов.
Айта кетсек, стритбол боюнча Азия кубогу Кытайдын Шэньчжэнь шаарында 27-апрелден 2-майга чейин өтмөк. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 4 спортчу катышмак. Алар Шакиржан Куранбаев, Дмитрий Данышин, Евгений Пехов жана Нуртай Субанбеков.