Футбол боюнча Дүйнө биринчилиги-2018 кубогу Орусиянын Владивосток шаарына келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 1-майдан тарта кубоктун дүйнөлүк трофи-турунун 3-айлампасы башталат. 1-2-майда Владивосток шаарындагы борбордук аянтта көргөзмөгө коюлуп андан ары 8 шаарга алып барылат. Алар: Новосибирск, Екатеринбург, Самара, Казань, Нижний Новгород, Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург жана Москва шаарлары.
Айта кетсек, буга чейин футбол боюнча Дүйнө кубогунун трофи-турунун 1-айлампасынын алкагында, 2017-жылдын 9-сентябрынан 27-ноябрына чейин Орусиянын 15 шаарында болгон. 2-айлампада дүйнө жүзүндөгү 50дөн ашык мамлекетке көрсөтүлүп, 5-февралда Бишкекке алып келинген.
Эске салсак, Футбол боюнча Дүйнө биринчилиги-2018 Орусиянын 11 шаарында 14-июндан 15-июлга чейин орун алмакчы.