Мамлекеттик Бажы кызматынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-апрелде Жалал-Абад облусунда дүйнөлүк маркадагы жүктөрдү алып бара жаткан жүк ташуучу унаа токтотулуп текшерилген. Натыйжада товарлардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан.
"Белгилүү болгондой, бажы кызматкерлери жүктүн ээлери менен сүйлөшүп, импорттук товарды бажы көзөмөлүнөн текшербей туруп өткөргөндүгү аныкталган. Жүктөрдү текшерген учурда декларациялары жок ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор табылган. Алардын болжолдуу баасы 30 миллион сомго жетет", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-беренеси (кызматтык жасалмалоо), 204-берене (аткезчилик) менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.