Ысык-Көлдө кыз талашып мушташып каза болгон Аманбектин аталаш бир тууганы Сагынбек Абдиев окуяга шектелип жаткан жигиттин күнөөсү жок экенин, бул окуяга Нива унаасы менен келген белгисиз 3-4 баланын катыштыгы бар болушу мүмкүн экенин SUPER.KG порталына билдирди.
"Аманбек аталаш бир тууган агамдын жалгыз уулу болчу. 7-майда 18 жашка толмок. Иним Аманбек шектелип жаткан бала менен кыз тууралуу сүйлөшүү сөздөрү болуп жолугушкан. Булар экөө жалгыз эмес, жанында классташ балдары болуп чогулушкан. Окуя боюнча эки тараптын классташ балдарынын айтымында, Аманбек менен шектелип жаткан бала мушташкан эмес. Себеби шектүү бала ооруп жаткандыктан аны менен кошо келген бала менен Аманбек жекеме жеке чыгып мушташкан. Иним мушташканда тиги баланы жеңип алгандыктан экөө кол алышып ишти бүтүргөн. Ошол убакта балдардын жанына Нива үлгүсүндөгү унаа келип токтогон экен. Алар колдоруна союл жана таяк көтөрүп унаадан түшүшкөн. Эки тараптын классташ балдары милиция кызматкерлери деп ойлошуп качып кетишкен дагы, ал жерде шектелген бала жана Аманбек калган. Андан кийинки окуяны эч ким көргөн эмес.
Негизи ошол унаадагы балдар инимди урушкан окшойт. Себеби эс-учун жоготкон Аманбекти Нива унаасы менен ооруканага алып келишип, шектүүнү жана Аманбекти таштап, өздөрүн Бактуу-Долоноту айылынын тургундары деп жаздырып кетип калышыптыр. Андан башка алар тууралуу маалымат болбой жатат", - деп билдирди Абдиев.
"Шектелип жаткан бала Аманбек экөөбүз мушташтык, ал каза болуп калды деп көрсөтмө берип жатат. Бирок окуя андай болбогонун, шектүү экөө мушташпаганын классташ балдары айтып берип жатышпайбы? Эмнеге шектүү Нивадагы балдарды айтпай жатат билбей жатам. Балким, ал балдар ооруканага келип Аманбектин каза болгонун угушкандан кийин "сен үчүн келгенбиз, калганын өзүң бүтүр деп коркутуп кетип калышкан окшойт. Ошол үчүн шектүү күнөөнү моюнга жалгыз алып жатабы деген ой кетти. Кечээ медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Алар баланын ур-соккудан эмес, муунтулуп каза болгонун аныкташты.
Иним каза болгондон кийин анын телефонун мага беришти. Ошол учурда инимдин телефонуна бир кыз чалып жатты. Алып сүйлөшсөм сүйлөшкөн кызы болом дейт. Ал Аманбектин каза болгонун укпаптыр. Мен ага өзүм айттым. Ал кыздан "Кара-Ой айылынын балдарын тааныйсыңбы?" десем, "тааныйм" деди. Биз эртең түшкө маал жолугууну сүйлөшкөнбүз. Бирок кийин кайра жолугушууга макул болбой койду. Учурда кыздын кайсы айылдан экенин билбей жатабыз. Эми да сураштырып издейбиз. Менин тактап чыккандарым боюнча, шектүү менен тиги кыз сүйлөшүп жүрүп сүйлөшпөй калышкан. Андан кийин ал кыз менен иним Аманбек сүйлөшүп калат. Анан интернет аркылуу иним экөө түшкөн сүрөттү кыз шектелип жаткан балага жиберип коюптур. Буга жинденген шектүү бала Бишкектен иниме жолугуу үчүн көлгө келиптир. Анан телефондон сүйлөшүп окуя болгон күнү жолугуп жатышпайбы. Бирок биз, Аманбектин жалпы туугандары шектүү болуп кармалган баланын бул иш үчүн келгенине ишенбей жатабыз. Андыктан милиция кызматкерлери аталган унаадагы балдарды таап, окуяны жакшылап териштириши керек. Адам өлтүргөн адамдар жазасын алышы керек. Аман бир үйдүн жалгыз уулу болчу. Ал Москвада жүргөндө апасы сагынып кеттим деп чакыртып алган. Сөөгү эртең, 2-майда жерге берилет", - деп кошумчалайт Сагынбек Абдиев.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы эки жигит кыз талашып мушташып, бири каза болгон. Алар Кара-Ой жана Бактуу-Долоноту айылынын тургундары болушкан.