ИИМ: "Токмокто убактылуу кармоочу жайдан качкандар дубалды бузуп чыгып кетишкен"

Чүй облусунун Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан качкандар дубалды бузуп качып кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, стационардык посттор күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

"Токмокто убактылуу кармоочу жайдан качкандар терезенин астындагы кирпичтерди алып, дубалды тешип качып кетишкен. Бул ишке алар атайын даярданышкан. Аларды сырттан күтүп алган адамдар болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Учурда кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Ошондой эле тактоо иштери жүрүп жатат", - дейт Сейитов.

Айта кетсек, бүгүн, 1-майда эртең менен саат 07:00дөр чамасында Токмоктогу убактылуу кармоочу жайдан үч жаран качып кеткенин Чүй ОИИББинен кабарлашкан.

Токмоктогу камактан качкан балдар токойдон кармалышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2018-05-01 15:34:20
Молодцы ребята,козун ачып коюпсунар
+2
Miss.erkewka95
2018-05-01 17:06:04
Dembele84, Жаба койушканын...)))
0
romiz
2018-05-01 15:59:56
ушуларды да атып олтуруп салбагыла
+2
zhaku2017
2018-05-01 16:33:11
Боевик "Побег"
0
Aiba__95
2018-05-01 17:34:24
Кандай дубал болду экен ал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан