Интернет колдонуучулар Филипп Киркоровду "Эл артисти" наамынан ажыратууну талап кылышууда

Клиптеги кадрИнтернет колдонуучулар орус ырчысы Филипп Киркоровду "Эл артисти" наамынан ажыратууну талап кылышууда. Буга ырчынын жакында эле жарык көргөн "Цвет настроения синий" аталышындагы ырынын клиби себеп болгон.

Белгилүү болгондой, интернет колдонуучусу Антон Тихонов Орусиянын президенти Владимир Путин менен маданият министри Владимир Мединскийге петиция жиберүү үчүн кол чогултуп баштаган. Аны бир топ колдонуучулар колдогон.

"Киркоров клибинде адепсиз жүрүм-турумдун элге жайылуусуна салым кошуп, ичимдик ичүүнү да жарнамалайт. Бул Эл артисти наамын алып жүргөн адамдын кыла турган иши эмес", - деп жазган Тихонов.

Белгилей кетсек, Киркоров жакында эле "Цвет настроения синий" деген аталыштагы клибин коомчулукка тартуулаган. Аталган клипке орустун бир топ атактуулары тартылган.

Филипп Киркоров - "Цвет настроения синий"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
oshtuk_jigit
2018-05-01 16:33:04
биз дагы Кайрат Кыргызга каршы кол топтош керек болчу канча деген балдардын псикасын бузду ХХХХХХХХ
+8
sinej
2018-05-01 16:41:32
Кайрат Кыргызга жетип алгылачы. Колунардан эч нерсе келбейт, диванга жатып алып, эксперт боло бербей.
-22
ma2as
2018-05-01 17:28:11
sinej,жетпей эле коелу . Жетиштин кереги деле жок .Биздагы гейропага окшоп 3 чу полду жазып журбойлу паспортко . Жаман болуш бир заматта .
+15
nabievich
2018-05-01 17:39:17
sinej,
+1
fantomas
2018-05-01 17:57:13
Ыр начар, клип тем более... Орустардын наркоман, зоокур, алкаш, сойку жаштарынын жашоо образын чагылдырыптыр...

Биздин жаштар 90-жж башында Америкага суктанып журуп жакшы нерсе табышпады. Тапкандары наркомания, сойкулук, зоокурлук, гомосексуализм. Эми ошону Киркоров кайра рекламалап жатат...
+4
bermet104
2018-05-02 10:39:09
Өтө начар клип
0
Beks.Kasymov
2018-05-02 15:40:23
сонун еле клип озунор еч нерсени тушунбой еле айта берессинерби Лепс Амиран ктышыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан