Азиянын Олимпиадалык кеңешинин президенти Бишкекке расмий иш сапары менен келди

Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарына расмий иш сапары менен Азиянын Олимпиадалык кеңешинин президенти Шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунда Шейх Аль-Сабахты Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында Шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин жана спорт агенттигинин жетекчилиги менен жолукмакчы. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болуп, 2018-жылы өтө турган Азия оюндары жана 2020-жылы өтө турган Олимпиадалык оюндар боюнча маселелер каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан