Ырчы Гүлзада Рыскулова 4-уулун жарык дүйнөгө алып келди

Бүгүн, 1-майда белгилүү ырчы Гүлзада Рыскулова 4-ирет эне статусуна ээ болду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.

"Бүгүн саат 11:20да борбордогу төрөтканалардын биринде 4-наристемди жарык дүйнөгө алып келдим. Албетте, төрөт деген оңой болбойт. Бир аз кыйналдым, бирок анын баары артта калды. Учурда балам экөөбүздүн тең ден соолугубуз жакшы. Жакындарыбыздын баары телефон аркылуу байланышка чыгып, жакшы каалоо-тилектерин айтып жатышат. Уулум 4 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Азырынча ысым тандай элекпиз", - дейт ырчы.

Айта кетсек, буга чейин ырчы 3 уулдун энеси болсо, эми 4 эркектин апасы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KRIMINAL
2018-05-01 16:12:11
Мен биринчи деп алса))
Куттуктайм АЛЛАХЫМ колдосун!
+4
Benazir08
2018-05-01 16:16:38
А жакшы омурун берсин. Уулдарынызэлдин уулу болушсун. Мен да жалан солдаттарды торогум келет☺
+5
KAYRATBEK
2018-05-01 16:36:25
Кыргыздар тороткуло торогуло кобойгуло.
+6
Saikyli
2018-05-01 17:08:08
Куттуктайбыз!ылайым омуру менен берген болсун Аллахым!!!
+3
Asanovna1805
2018-05-01 22:23:11
Айиий кандай сонун. Бешик боосу бекем болсун!
+1
Ayida
2018-05-02 13:11:04
Капа болбогула супер инфо 4 уулун жарык дуйного алып келди дегенди же силер ката жаздынар же мен туура эмес тушундум. Тортунчу уулун десенер туура болмок беле?4 уулун десенер 4 ту сразу тороптур деп калдым башында
0
NeRiNa
2018-05-02 13:32:55
Удаа удаа тороп атат го. Былтыры эле учунчусун деп атты беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан