Чүй облусунун Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан качкан 3 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр Токмок шаарындагы токойдон кармалышкан. Учурда аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) менен кылмыш иши козголгону айтылат.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, 1-майда саат 07:00дөр чамасында Токмоктогу убактылуу кармоочу жайдан 3 адам дубалды бузуп качып кетишкен.
Алар:
Юсупахунов Руслан Гаширович 16 жашта, Токмок шаарынын тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (автомобилди же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен шектелип жаткан.
Ворончихин Леонид Дмитриевич 18 жашта, Токмок шаарынын тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кармалган.
Порошин Анатолий Сергеевич 17 жашта, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен шектелип жаткан