ЖЫЛНААМА, 2-МАЙ: Дүйнөдөгү эң ири футболдук клубдарда ойногон Дэвид Бекхэм 43 жашка чыкты

Европанын жана Түндүк Американын ири клубдарында карьерасын жүргүзгөн, белгилүү англиялык футболчу Дэвид Бекхэм бүгүн, 2-майда 43 жашка чыкты.

Дэвид Бекхэм 1975-жылы 2-майда Лондон шаарында төрөлгөн. Анын спорттогу алгачкы кадамына атасынын салымы чоң. Баласынан дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуну көрүүнү кыялданган Тэд Бекхэм Дэвид 2 жашка чыкканда эле аны менен машыгууларды жүргүзө баштаган. Дэвид Бекхэмдин алгачкы футболдук клубу лондондук "Лэйтон" болгон. Аталган клубда эки жыл ойноп, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон соң англиядагы белгилүү "Тоттенхэм" футболдук мектебине кирет. 11 жашында Бекхэм жаштар арасындагы "Bobby Charlton Soccer Schools National Skills" футболдук мелдешинде жеңишке жетет. Жаш футболчунун ийгиликтерине күбө болгон "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу аны менен келишим түзөт. 1992-жылы Дэвид Бекхэм "Манчестер Юнайтеддин" жаштар курамасы менен Англия кубогун жеңип алат. Сынчылар Дэвид Бекхэмдин ойногонун жактырышкан.

"Манчестер Юнайтед"

1993-жылы футболчу "Манчестер Юнайтед" менен профессионалдык келишим түзүп, клубдун негизги командасынын мүчөсү аталган. 1996-1997-сезондо "Манчестер Юнайтед" - "Уимблдон" командаларынын беттешинде Бекхэм талаанын ортосунан гол киргизген.

Дэвид Бекхэм "Манчестер Юнайтед" клубунда 10 жыл ойноп, 265 беттеште 62 гол киргизген. Аны менен Англия Премьер-Лигасын 6 жолу, Чемпиондор Лигасын 1 жолу, Англия кубогун 2 жолу, Англиянын Суперкубогун 2 жолу жана башка бир нече мелдештин жеңүүчүсү болгон.

Англия улуттук курама командасы

1996-жылы Дэвид Бекхэм алгачкы ирет улуттук курамага чакырылган. Англия курама командасында алгачкы беттеши 1996-жылдын 1-сентябрында орун алган. Улуттук кураманын тизмесинде 115 оюнга катышып, 17 жолу айырмалана алган.

"Реал Мадрид"

2000-жылы Дэвид Бекхэм Англиянын футбол боюнча курама командасынын капитаны болгон. 2002-жылы мадриддик "Реалга" 35 миллион еврого өткөн. Анын курамында футболчу 2003-жылы Испаниянын Суперкубогун утуп, 2006-2007-жылдары Испаниянын чемпиону аталган. Испаниялык клубдун курамасында Бекхэм 116 оюнга катышып, 13 жолу гол киргизгенге жетишкен.

"Лос-Анжелес", "Милан", "ПСЖ"

2007-жылы "Реалдын" жетекчилиги менен болгон түшүнбөстүктөрдөн улам америкалык "Лос-Анжелес Гэлакси" клубу менен 5 жылга келишим түзүп, анын курамына кирген. Бекхэмдин Америкадагы карьерасы ийгиликтүү болгону менен, 2009-жылы италиялык "Милан" клубуна өткөн. 2013-жылы 31-январда Дэвид Бекхэм франциялык "ПСЖ" футболдук клубу менен 5 жылдык келишимге кол койгон. Ошол эле жылдын 16-майында "ПСЖнын" курамында Франциянын чемпиону болгон соң профессионалдык карьерасын жыйынтыктаган.

Жеке жашоосу

1999-жылы "Spice Girls" тобунун мурунку ырчысы, англиялык актриса, фотомодель Виктория Адамска үйлөнүп, тойго 800 миң доллар акча каражатын короткон. Түгөйлөрдүн ортосунда 3 уул жана бир кызы бар.

2-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан