Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-май күнү таңкы саат 04:30 чамасында болгон. Анда Казакстандын жараны Toyota үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 65-чакырымында келе жатып, жолдон өтүп бараткан эки адамды сүзүп алган. Жабырлануучулар Панфилов районунун Кумарык айылынын тургундары болушкан. Алардын бири кырсык учурунда мас абалында болгон. Алар райондук ооруканага жеткирилип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми бул жол кырсыгы боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.