Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык баскычында "Реал Мадрид" эки оюндун негизинде "Баварияны" 2:2 жана 2:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Бул көрсөткүчү менен королдук клуб үч ирет катары менен финалга чыккан 3-клуб болду. Буга чейин мындай көрсөткүчкө Фабио Капелло жетектеген "Милан" 1993, 1994 жана 1995-жылдары жетсе, Марчелло Липпи баштаган "Ювентус" 1996, 1997 жана 1998-жылдары жеткен.
Ошондой эле соңку 5 жыл аралыгында бул көрсөткүч "Реал" үчүн 4-финал болуп калды. Чемпиондор Лигасында мындай жетишкендикке Нидерландынын "Аякс" клубу 1969, 1971, 1972 жана 1973-жылдары жеткен.
Ошондой эле мадриддик клуб Чемпиондор Лигасынын финалына 7 жолу чыгып, (мелдеш 1992-жылы атын өзгөрткөндөн бери) буга чейин 6 жолудан чыккан "Милан" менен "Ювентустан" ашып өттү.
"Реал" буга чейин Чемпиондор Лигасын 12 ирет жеңген. Анын үчөө соңку беш жыл аралыгында 2013, 2016 жана 2017-жылы.
Бүгүн түндө королдук клубдун финалдагы каршылашы белгилүү болот. Анда жарым финалдын алкагында "Рома" жана "Ливерпуль" командалары кез келет. Эки команданын биринчи беттеши 5:2 эсебинде англиялык "Ливерпулдун" пайдасына чечилген.