Америкалык актёр Жонни Деппти 2 жан сакчысы сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жан сакчылар актёр менен 2016-2018-жылдар аралыгында иштеген. Ал убакта Деппти жөн гана коргобостон, анын адепсиз жүрүм-турумун жашырып, актёрго жана анын үй-бүлөсүнө айдоочулук милдетти да аткарып, бирок келишимде жок мындай жардамдары үчүн эч кандай акы алышкан эмес. Мындан улам Калифорниядагы Жогорку Сотко кайрылууга аргасыз болушкан.
"Жумушта коопсуздугубуз сакталбаганы жана келишимде жок тапшырмаларды аткарганыбыз үчүн эч кандай акы төлөнгөн эмес. Андыктан жан сакчылык милдеттен баш тартып, сотко кайрылууну чечтик" деген алар.
Азырынча жан сакчылар актёрдон канча суммадагы акча талап кыла турганы белгисиз.