Орусиянын Кировск шаарындагы пляждан Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

Орусиянын Кировск шаарындагы пляждан Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу маалыматты орусиялык басылмалар жазууда.

Маалыматта жазылгандай, 30-апрелде Кировск шаарында Нева дарыясынын жээгиндеги пляждан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз дене табылган жерге келген укук коргоо органдары маркумдун 41 жаштагы Кыргыз мамлекетинин жараны экенин аныкташкан. Ал Иркутск облусунда каттоого туруп, Ленинград облусунда мыйзамсыз жашаган.

Ошондой эле полиция маркум киши колдуу каза болгонун, анын башында жаракаттар бар экенин аныктаган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ady-88
2018-05-02 09:28:12
Кыргыздар оздору эле олтургон болуш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан