Жалал-Абад шаардык соту 22 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүп, аны короосуна көмүп койгон 18 жаштагы жаранды 16 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык сот 28-февралдагы өкүмү менен соттолуучу Ю.Ю.ну Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркиндигинен ажыратты. Соттолгон Ю.Ю. жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү белгиленип, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына 145 515 сом материалдык жана 100 000 сом моралдык зыян өндүрүп берүүгө милдеттендирген.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарында 18 жаштагы жигит 22 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип кармалган. Шектүү Ю.Ю. Жалал-Абад шаарынын Загорная көчөсүнүн тургуну өзү жашаган үйдө 22 жаштагы кызды өлтүрүп, ошол эле короого көмүп койгонун айтып берип, сөөк казып алынган. Кармалган учурда шектүү мындайча көрсөтмө берген. Октябрь айынын орто ченинде 18 жаштагы Ю.Ю.ну 22 жаштагы Пери аттуу тааныш кызы түнкү саат 01:00дөр чамасында үйүнө издеп келип, андан опузалоо жолу менен 8 миң сом акча талап кылып, болбосо анын үстүнөн зордуктады деп милицияга арыз менен кайрыларын айткан. Ортодо пикир келишпестик орун алып, Ю.Ю. таанышын колу менен муунтуп өлтүрүп, короого көмүп койгон. Маркумдун денесин жашырган соң шектүү анын үстүн араба менен шагыл ташып келип жаап койгон. Бул окуя шектүүнүн аялы жаңы төрөп, төркүнүнө кеткен учурда болгон.