SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул ирет сынактан четтетилген чыгарманын ордуна ырчылар Нурмат Садыров менен Эдил Маматовдун аткаруусундагы "Ыйлаба, жүрөк" дуэти кошулду. Ырдын сөзү Нурматтын өзүнө таандык болсо, обону Маматовдуку. Ал эми клиптин режиссёру - Эрнист Сыдыков. Анын айтымында, клип Түркияда тартылган.
"Клипте Нурмат ырдаган кадрлар Стамбулдан, Эдил ырдаган жер Анталиядан тартылган. Ал эми чогуу тартылган эпизоддор менен кыздарды Бишкектен эле тартканбыз. Тартуу учурунда абдан көп кызыктуу окуялар болду. Жакында алардын баарын "Кадр сыртында" деген аталыш менен интернетке жарыялайын деп турам", - дейт режиссёр.
25-АПРЕЛДЕН 2-МАЙГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Курал Чокоевдин "Кара-Балта-Кайыңды" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунда - Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасы жайгашкан.
8-орун - Кенже Дүйшееванын аткаруусундагы "Апакем" чыгармасына буюрган.
7-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы өткөн аптадагы көрсөткүчтөн 4 тепкичке төмөндөгөн.
6-орун - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасына буюрган.
5-орунду - Урмат менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы ээлеген.
4-орунда - Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы жайгашкан.
3-орун - Самат Эркинбековдун "Той, той" чыгармасы мурунку аптада жеңүүчү аталса, бул ирет алдыңкы үчтүктөн орун алган.
2-орунда - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы жайгашкан.
1-орун - Мурунку жумада тизмеге жаңы кошулган Чолпон Талипбектин аткаруусундагы "Ищу тебя" клиби көрүүчүлөрдүн көп добушуна татып, апта жеңүүчүсү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.