Сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн топурак менен тартты

Сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн топурак менен тартты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, сүрөт "Чыңгыз ааламы" деп аталат.

"Сүрөттү Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тарткам. Аны толугу менен тартып бүтүүгө 5 саат убакыт керектелди. Топуракка желим кошулгандыктан, картина көп жылдар бою эч нерсе болбостон тура берет", - деди ал.

Айта кетсек, сүрөтчү буга чейин кыргыз киносуна салымы зор залкар актёр Сүймөнкул Чокморов менен белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин сүрөттөрүн да топурак менен тартып, аларды интернет аукционуна койгон.

Чыңгыз Айтматовдун элесин топурак менен тарткан сүрөтчү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Okunboim.
2018-05-02 13:16:35
Мына сага талант!!!
+6
Krai
2018-05-03 08:29:54
Талант деген ушу экен да карачы топурак менен... А мен калем менен да бир чайнектин эч болбосо эшектин суротун тарта албайм
0
Ankel
2018-05-02 13:18:54
Шедевр! Төлгөбек Койчуманов менен Азамат Жаналиев силер күн өткөн сайын таң калтырып жатасыңар. Өнөрүңөр өркүндөй берсин.
+4
Zainidin96
2018-05-02 13:22:35
Сына сага талант деп ушуну айт коп коп ийгиликтерди каалайм байке
+5
Pamirlan
2018-05-02 13:41:34
Жакшы, соонун тартылыптыр, онорун оркундосун
+3
bond02
2018-05-02 13:46:01
онорун оркундосун, башкача талант го.
+1
i1urp
2018-05-02 14:25:03
Азамат баракелде. Онорун бар экен. Ушинтип уулу жазуучубузга терен таазим кылабыз. Кыргыздын чыныгы адамы Ч. Айтматов.
+3
Chungyz
2018-05-02 19:32:52
Тузук
+1
KgKerim
2018-05-02 20:06:44
Базар жок , ийгилик!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан