Кара-Суу районунда катталган жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 64 баш кой өлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 1-май күнү болжол менен саат 20:00 чамасында болгон. Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу Н.Б. Алай районунан Ош шаарын көздөй бара жатып Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 41-чакырымында жол кырсыгына кабылган. Анда унаа койлорун айдап бара жаткан 10 жаштагы баланы жана койлорду сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 64 кой өлүп, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Бекжар айылынын тургуну М.Б. алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Бул жол кырсыгы боюнча Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.