Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын айланасындагы менчикке жана ижарага берилген жерлер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын декабрында Ош шаарынын мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан 1 миң 300 чарчы метр жерди менчикке жана 1 миң 900 чарчы метрди ижарага берүү тууралуу токтом чыгарганы айтылат. Ошол токтомдун негизинде Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгы менчик укугу тууралуу акт жана күбөлүк жазып берген.
"Жер кодексине ылайык, суу фондунун жерлери өкмөттүн чечими менен айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу жана жер участогунун негизги максаттуу багытына каршы келбеген башка максаттар үчүн жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши керек", - деп айтылат маалыматта.
Оштун прокуратурасы эки мекеменин жооптуу кызматкерлерине карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "жер мыйзамдарын бузуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.