"EREM" командасынын оюнчусу Эмил Канетов футзал боюнча Өлкө биринчилигинин мыкты оюнчусу болду

Футзал боюнча Өлкө биринчилигинин мыкты оюнчусу деп "EREM" командасынан Эмил Канетов аталды.

30-апрелде футзал боюнча Өлкө чемпиондугунун финалында Оштун "ЕREM" командасы бишкектик "Алганын" үстүнөн жеңишке жетип, катары менен 2-ирет чемпиондукту камсыз кылган. Мелдештин жыйынтыгында футбол федерациясы мыкты оюнчуларды аныктады.

2017-2018-сезондун жыйынтыгында "EREM" командасынан Эмил Канетов сезондун мыкты оюнчусу аталса, Максат Алимов турнирдин бомбардири болду, ал эми Манас Абдрасул уулу мыкты коргоочу аталды.

"Алга" командасынан мыкты машыктыруучу наамына Канимет Аралбаев татыса, Фируз Бекмуродов мыкты дарбазачы болуп, Азат Исабеков плей-оффтун мыкты оюнчусу аталды.

Ал эми мыкты чабуулчу наамын "Фарватер" клубунун оюнчусу Эркин Нуржанов болсо, мыкты жаш оюнчу деп "Жакшылык" командасынын оюнчусу Арстанбек Турсунов аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suyor
2018-05-02 14:48:10
Бамбардир дегенде Алимов эске тушо турган болду
0
ere
2018-05-02 15:05:14
алга менин командам!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан