Бүгүн Оштун "Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын 5-турунун алкагында түркмөнстандык "Алтын-Асыр" менен беттешет

Бүгүн, 2-майда АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын 5-турунун алкагында Оштун "Алай" футболдук клубу конокто түркмөнстандык "Алтын-Асыр" менен беттешет.

Аталган беттеш Түркмөнстандагы Балканабат атындагы стадиондо орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да старт алмакчы.

Эске салсак, 25-апрелде 4-турдун алкагында оштук "Алай" тажикстандык "Истиклол" командасын Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо кабыл алган. Беттештин жыйынтыгында Оштун "Алай" командасы 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.

4 турдун жыйынтыгында "Истиклол" 13 упай менен турнирдик жадыбалдын башында жайгашса, 8 упайга ээ болгон "Алтын-Асыр" 2-орунду, 4 упай топтогон "Ахал" 3-орунду, ал эми упайсыз "Алай" 4-орунда жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
FCB14
2018-05-02 14:58:23
Уят Алай
+4
Chagylgan2
2018-05-02 15:00:14
Дагы утулат как всегда...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан