Бүгүн SUPER.KG порталынын Түз эфиринин маек төрүндө ырчы Алмаз Шаадаев конокто болду.
Алмаз Шаадаевге арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:03. Ырчы Алмаз Шаадаев күйөрмандары менен амандашып, акыркы жаңылыктары менен бөлүштү.
15:04. Ырчы салтка айланган ойготкуч суроолордун төртөөнө туура жооп берди.
15:05. Суроо: "Инилериңиз сизден чоң көрүнөт экен. Сиз деле спорт менен алектенип, булчуң чыгарбайсызбы?"
Жооп: "Спорт менен машыгуу тууралуу пландарым бар. Болгону убактымды туура бөлүштүрө албай жатам".
15:07. Суроо: "Акчага бекемсизби? Алып баруучу кызга 3 миң сом карыз болуп, бербей жүргөн экенсиз. Карызыңыздан кутулдуңуз беле?"
Жооп: "Тескерисинче, колум ачык. Каражатты көп коротом. Ал эми концерттин алып баруучусу менен мен сүйлөшкөн эмесмин. Ал темага кайрылгым келбейт".
15:09. Популярдуу "Фаридам" чыгармасын эфирден аткарып берди.
15:12. Суроо: "Эмне үчүн сынактарга катышпайсыз?"
Жооп: "Мен карапайым эл үчүн эле ырдайм. Кыйратып деле чет тилдерди билбейм. Андыктан сынакка катышууга татыктуу ырчыларыбыз көп. Татыктуулар катышканы туура деп ойлойм жана аларды колдойм".
15:13. "Эски ырларды ырдап, жалкоо болуп кеттиң" дегенге кошулбайм. Баары бир ал ырларды кайрадан жаздырууга эмгек кетип жатат да".
15:15. "Ырчы Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Аваз Акимов, клипмейкер Эрнист Сыдыков менен жакын достордонбуз. Издешпей табышып калыптырбыз. Ал эми Данияр, Нурлан менен чач жасалгабыз окшош болгону чач тарачыбыз бир. Ошондуктан окшош көрүнсөк керек".
15:19. "Чубак ажынын "Жашы өтүп бараткандар" деген видеосун тамаша иретинде тартып алып, туура эмес кылганымды түшүндүм. Ошол үчүн баарынан кечирим сурайм. Буюрса Чубак ажы менен бетме-бет көрүшүп, алдынан өтөм".
15:20. Ырчы күйөрманынын суранычы менен эфирден "Карындаш" аттуу ырын ырдап берди.
15:22. Алмаз Шаадаев эфирден оюн көргөзүүдө.
15:26. "Сүйлөшкөн кызым жок. Эгер болсо ачык эле айтмакмын. Сыртынан караштырып жүргөн кыздар бар. Бирок алардын бирине токтоло элекмин".
15:27. "Менин репертуарымдагы хит болгон чыгармам - "Жаным, ай". Ушул чыгарма менин тумарым болуп калды".
15:28. "Алган билимим боюнча иштегим келген жок. Анткени жан дүйнөң каалаган ишти жасайт экенсиң. Ал эми окуу үчүн убактым кетсе да, каражат кеткен эмес. Себеби бюджеттик негизде окугам".
15:30. "Быйыл сөзсүз үйлөнөм" тасмасында шок жигиттин ролун аткаргам. Өзүм катышкан тасманы кантип жаман дейм. Бул жаатта өзүмдү сынап көрдүм".
15:31. Суроо: "Социалдык тармакка күнүнө канча саат убактыңды коротосуң?"
Жооп: "24 саттын 10 саатын бөлсөм керек. Айтор, эртең менен уйкудан ойгонгондон тарта уктаганга чейин социалдык тармактарды барактайм".
15:33. "Кайрымдуулук иштерин жасап келем. Муну жарнама кылуунун кереги жок. Бул иш өзүбүз үчүн".
15:34. Ырчы тумар туткан "Жаным, ай" ырын аткарып берди.
15:35. "Саясатка кийлигишпейм" деп чечкем. Ал эми Орусияга Аскар Акаев чакырганынан баргам. Демек, мени сыйлап чакырды. Бул эч кандай кошоматчылык эмес. Керек болсо акысыз деле кызмат кылып коём".
15:37. "Мен ырчы кыз эмес, жөнөкөй эле кыз алам. Ырчы кыздарды жаман деп бөлбөйм. Эң негизгиси жөнөкөй, ыймандуу кыз болсо ала берем".
15:39. Билим алуу боюнча кеңеш сураган күйөрманына ырчы: "Нарындагы Түрк лицейин бүтүргөм. Ал жакта "сыймыктуу бүтүрүүчүлөр" деген стендде менин да сүрөтүм бар экен. Угуп алып аябай кубангам. Аталган лицей билим берүү жагынан жогорку деңгээлде. Ал эми балдарыңызды окутам деп жатсаңыз, өзүңүзгө караңыз", - деген жообун узатты.
15:44. Суроо: "Бою узун кызды жактырып калсаң эмне кыласың?"
Жооп: "Чынын айтыш керек, чындап сүйүп калсаң, бою узун-кыскасына, тарбиясына деле карабайсың".
15:46. Жакында 80 саптан турган жаңы дастанды күйөрмандарына тартуулай турганын белгилеп өттү.
15:47. "Эгер кайра жаралсам, анда деле ырчы болмокмун. Анткени чыгармачылык мага ырахат тартуулайт. Ошондой эле чыгармачылыктан көптөгөн жакшы адамдар менен таанышып, досторду таптым".
15:48. Ырчынын эфирдеги маеги жыйынтыкталды.