Кыргыз баскетболчуларга Кытай элчилиги виза бербей койгондугунун себеби аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн, 2-майда ТИМдин Консулдук кызмат департаменти Кыргыз баскетболчуларга виза бербей койгондугу боюнча маалыматты тактоо максатында Кытайдын Бишкектеги консулу менен байланышты. Анын айтымында, Азия кубогунун уюштуруучулары чакыруу кагазына "чыгымдар үчүн Кыргыз тарап жооптуу" деп жазганын, ал эми Баскетбол федерациясынын өкүлдөрү "бардык чыгымдарга уюштуруучулар жооптуу" деп айтышкан. Буга байланыштуу ортодо түшүнбөстүк пайда болуп, Кытай элчилиги виза бербей койгон", - деп жазды Айымкан Кулукеева.
Эске салсак, 30-апрель күнү стритбол боюнча Кыргыз курама командасы Кытайда өтүүчү Азия кубогуна виза ала албай калгандан улам катышпай калган.
Айта кетсек, стритбол боюнча Азия кубогу Кытайдын Шэньчжэнь шаарында 27-апрелден 2-майга чейин өтмөк. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 4 спортчу катышмак. Алар Шакиржан Куранбаев, Дмитрий Данышин, Евгений Пехов жана Нуртай Субанбеков.