"Чырактары сынган көчөлөр. Менттер-5", "Духless", "Легенда №17" жана башка бир нече тасмаларда роль жараткан актёр, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, Москва мамлекеттик маданият институтунун профессору Данила Козловский 33 жашка толду.
Данила Козловский толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгон эмес. Атасы каза болуп калганда келечектеги актёрду жана анын 2 бир тууганын багып-чоңойтуу милдети апасына жүктөлөт. Актёр бала кезинде тентектигинин айынан бир нече мектептен айдалып, балет лицейинен да келечеги жок деген жүйө менен четтетилген.
13 жашында аяш энесинин сунушу менен "Жөнөкөй чындыктар" ("Простые истины") сериалында өспүрүмдүн ролун ойноп, актёрдук тушоосу кесилет. Кийин атактуу режиссёр Алексей Германдын көзүнө түшүп, карьерасында чоң бурулуш башталат. Аталган режиссёрдун "Гарпастум" тасмасында Козловский башкы каармандын ролун жакшы жаратканы үчүн Венеция кинофестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына арзыйт.
2009-жылы Фёдор Бондарчуктун "Духless" тасмасында акчасын жыргал жашоого короткон топ-менеджер Максимдин ролун ойнойт. Көптү үмүттөндүргөн актёр экенин далилдеген Данила Козловскийге Голливуд жол ачып, 2014-жылы америкалык "Кан соргучтар академиясы" фильмине тартылган. Продюсерлер орусиялык актёрду бекеринен тандашкан эмес. Себеби тасмадагы баш каарман Дмитрий Сибирде төрөлүп, орусча акцент менен сүйлөчү.
Санкт-Петербургдагы театралдык окуу жайда окуп жүргөндө Даниланын көзү Лиза Боярскаяга түшүп, жаштар кыз-жигит болуп сүйлөшө башташкан. Бирок кыздын атасы актёр, ырчы Михаил Боярский бул мамилеге каршы чыгып, “Данила бутуна тура элек” деп сүйлөштүрбөй койгону айтылып келет.
2008-жылы Данила актриса Уршула Малкага үйлөнгөнү маалым болот. Бирок достору “Данила Лизага көрүнүш үчүн эле үйлөндү” деп айтып чыгышат. Бирок 3 жылдан кийин Данила менен Уршула ажырашып кетет. “Мен үчүн жубай эч качан мурунку болбойт. Уршула жашоомдун акырына чейин жакын адамым бойдон калат. Ал жашоодо сейрек кездешкен чыныгы аял. Ажырашкандан кийин да бири-бирибизге болгон жылуу мамилени сактап калдык. Бат-баттан чалышып, кезигип турабыз”, - деп маектеринде Уршулага чаң жугузбайт.
Бул никеден кийин актрисалар Анна Чиповская, Юлия Снигирь, модель Ольга Зуева менен мамиле курганы маалым. “Көптөн бери самап жүргөн унаанын өңүн, түзүлүшүн сүрөттөсө болот. Бирок кыялымдагы кызды сүрөттөп берүү кыйын. Эң башкысы, ал кызда өзгөчөлүк болушу керек”, - дейт ал.
Актёр тууралуу кызыктар:
3-майга карата жылнаама.