Оштун "EREM" командасы футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда катышат.
30-апрелде Данияр Абдыраимовдун шакирттери Өлкө биринчилиги - Суперлиганын алкагында бишкектик "Алганын" үстүнөн жеңишке жетип, 2-ирет чемпиондукту камсыздады. Бул жыйынтык менен оштук "EREM" клубдар арасындагы Азия чемпиондугуна жолдомо жеңип алды.
Аталган мелдеш 2018-жылдын 1-12-август аралыгында Индонезияда өтөт. Анда 16 өлкөнүн командасы катышат, азыркы тапта алардын 13ү гана аныкталган. Учурда Индонезия, Өзбекстан жана Катардын чемпиондору белгисиз болууда.
"Вик Вайперс" (Австралия), (Кытай), "Нафит Аль-Васат" (Ирак), "Мес Сунгун" (Иран), "Нагоя Оушенс" (Япония), "Жеонжу МАГ" (Түштүк Корея), "Банк Бейрут" (Ливан), "МИК" (Мьянма), "Сипар" (Тажикстан), "Чонбури Блувейв" (Таиланд), "Аль-Дафра" (БАЭ), "Тай Сон Нам" (Вьетнам), "EREM" (Кыргыз Республикасы) жана Индонезия, Өзбекстан жана Катардын чемпиондору.
Чүчү кулак аземинин алдындагы бөлүштүрүү боюнча "EREM" командасы 3-себетте (корзина) жайгашкан.
1-себет: "Чонбури Блувейв" (Таиланд), "Мес Сунгун" (Иран), "Тай Сон Нам" (Вьетнам), Индонезиянын чемпиону;
2-себет: "Аль-Дафра" (БАЭ), "Нагоя Оушенс" (Япония), "Банк Бейрут" (Ливан), Катардын чемпиону;
3-себет: "Нафит Аль-Васат" (Ирак), “EREM” (Кыргыз Республикасы), "Далянь Юань" (Кытай), Өзбекстандын чемпиону;
4-себет: "Сипар" (Тажикстан), "Вик Вайперс" (Австралия), "Жеонжу МАГ" (Түштүк Корея), "МИК" (Мьянма).