Мындан 85 жыл мурун дүйнөгө өзүнүн "I Feel Good" ыры менен атагы чыккан белгилүү америкалык ырчы, поп-музыканын негиздөөчүлөрүнүн бири, соул жанрынын өкүл атасы аталган Жеймс Браун жарык дүйнөгө келген. Ырчы Түштүк Каролинада таежесинин колунда чоңойгон.
Уурулукка байланган балалык
Кедей үй-бүлөдө жашагандыктан Браун кичине кезинен тартып өзүнүн курсагын тойгузуш үчүн уурулукка барууга мажбур болот. 16 жашында полиция кызматкерлеринин колуна түшүп уурулукка айыпталат. Дал ушул абакта отурган мезгилде болочоктогу ырчы колунда бар ар кандай буюмдардан музыкалык инструменттерди жасап ырдай баштайт. Эркинен ажыратылып абакта отурган адамдар уюштурган концерттердин биринде Браунду белгилүү продюсер байкап калат.

Атактуулукка карай жол
Абактан чыккан соң Браун үн жаздыруучу студиядан "The Famous Flames" тобунун мүчөсү болуу сунушун алат. Талыкпаган эмгек жана жаш ырчынын таланты аз убакыт ичинде эле топтун ичиндеги эң көрүнүктүү ырчы болууга өбөлгө түзөт. Аталган топ менен АКШнын түштүк аймагын бүт кыдырып госпел, ритм-н-блюз стилинде ырдап, көпчүлүк ыр сүйүүчүлөрдүн купулуна толо баштайт. 1959-жылы жарык көргөн "Please Please Please" ырлар жыйнагы топко болуп көрбөгөндөй атактуулукту алып келип, топтун ырлары жергиликтүү хит-параддардын биринчи сабын ээлей баштаган.

Жан дүйнөдөн чыккан ырлар
1963-жылы Браун АКШда гана эмес, дүйнө жүзүнө белгилүү боло баштайт. Ар бир концертине өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылып көрүүчүлөргө өзүнүн ырларын, талантын тартуулоо үчүн болгон күчүн жумшаган. Көпчүлүк учурда концерттен кийин сахна артына барып эле алы жок жыгылып калганын жанында жүргөн замандаштары көп жолу маалымат каражаттарына айтып беришкен. 1965-жылы Браундун көптөгөн белгилүү ырлары анын ичинен Кыргыз ырчысы Кайрат Примбердиев "Голос" сынагында аткарган "It’s a Man’s, Man’s, Man’s World" аттуу ыры жарык көргөн. Аталган ыр Браунга дүйнөлүк атактуулукту алып келген. Ал эми "Papa’s Got a Brand New Bag" аттуу ыры үчүн ырчы 1967-жылы "Грэмми" сыйлыгына ээ болгон.
Өмүрүнүн акыркы жылдары
Убакыттын өтүшү менен музыка дүйнөсүндө жаңы ысымдар пайда болуп, Браун мурункуга салыштырмалуу гастролдордун санын кыскартып чыгармачылыктан алыстай баштайт. Буга карабастан ал өзүн кино жаатында сынап көрүп, бир нече тасмаларга тартылганга жетишкен. Браундун Томи Рэй Хайниге үйлөнүшү анын жакындары менен болгон мамилесин бузат. Өгөй апасы менен мүлктү бөлүүнү каалабаган ырчынын балдары аны сотко берген.

Көптөгөн сүйүү мамилелерин курган Браундун 9 баласы болгон. Ырчы 2006-жылы 25-декабрда өпкө оорусунан көз жумгандан кийин анын дагы 3 баласы бар экени аныкталган. Ырчынын тирүү кезинде ага Атлантада дүйнөлүк музыкага кошкон салымы үчүн эстелик орнотулган. Ырчыны акыркы сапарга узатууга анын чыгармачылыгына таасирленип, аны кумир туткан Майкл Жексон келген.

3-майдын жылнаамасы.