Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Көк-Арт айылында мектеп окуучусу асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кара-Кулжа районунун билим берүү бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка ылайык, өз жанын кыйган 17 жаштагы М.М. Көк-Арт айылындагы Жутан Субанов атындагы орто мектебинде 11-класста окуган. Ал 30-апрелде саат 21:30дар чамасында үйүндөгү мал сарайга кирип асынып алган.
“Окуучунун жансыз денесин 1-май күнү эртең менен атасы сарайга барып көрүп калган. Эмне себептен өз өмүрүн кыйгандыгы азырынча белгисиз. Учурда укук коргоо кызматкерлери тарабынан окуучунун өлүмүнүн себептери иликтенип жатат. Бул боюнча жакынкы күндөрдө толук маалымат беребиз”, - деп билдиришти билим берүү бөлүмүнөн.
Ошондой эле бизге белгилүү болгондой, каза болгон окуучунун атасы аталган мектепте мугалим болуп эмгектенип келген.