Чемпиондор Лигасы: Бүгүн "Реал Мадриддин" финалдагы атаандашы аныкталат

2-майдан 3-майга караган түнү футбол боюнча эң беделдүү мелдеш Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук беттеши орун алат. Анда Италиянын Рим шаарында жергиликтүү "Рома" англиялык "Ливерпуль" футболдук клубун кабыл алат.

Жарым финалдын алгачкы беттешинде "Ливерпуль" командасы "Романы" өз талаасында 5:2 эсебинде жеңип алган. Муну менен "Рома" бүгүнкү беттеште жок дегенде 3 гол айырмачылык менен жеңишке жетиш керек. Италиялык команда буга ишенет. Антпесе талаага чыгуудан не пайда? Конокто өткөргөн беттештеринде жеңилүү ызасын тартып келсе да, "Рома" өз талаасында мыкты ойной аларын чейрек финалда көргөзгөн.

"Романын" машыктыруучусу Эусебио Ди Франческо бул беттеште жеңип, финалга аттана турганына ишенет. "Оюнчулар жоопкерчиликтүү болуш керек, өзгөчө Эдин Жеко. Анткени ал команданын алдыңкы оюнчулардын бири. Жеко биринчи беттеште Салах ойногондой ойноп, беттештин тагдырын чечет деп ишенем. Биздин максат - финалга аттануу, Киевде ойноо. Бул еврокубокто биздин талаасыз да "Атлетико" кыйынчылыктарды тартуулады. Ал беттештен кийин биз өз талаабызда атаандаштарыбызды оңой эле жеңип жаттык, бул салт келе жаткан беттеште өзгөрбөйт деп ишенем", - дейт Ди Франческо.

Айтсак, бул ирет "Ромага" өз талаасында "Ливерпулду" жеңүү оңой болбойт. Анткени Юрген Клопп "Барселонанын" тагдырын көрүп, бул беттешке өзгөчө даярдык көргөн. Салах-Фирмино-Мане үчилтигине Ливерпулдагы беттеште "Романын" коргоочулары эч жете алган эмес. "Биз биринчи беттеште 2 гол өткөрүп жибергенден кийин айрым күйөрмандар бизди "эми жеңилип калат" деп ойлоп жатышат. Бирок бул андай эмес. Ал жөн гана биринчи беттеш болчу. Эгерде "Рома" өз талаасында 3:0 менен жеңишке жетсе, анда аларды финалга өткөнү менен куттуктайм. Бул спорт. Ошондой эле биз финалга өттүк деп айта албайм жана биздин жагдай оор деп дагы айтпайм. "Рома" өз талаасында жеңилбейт, биз болсо мелдеште жеңилүү ызасын тартып көрө элекпиз. Бардыгы ушул бойдон калса, биз финалга өтөбүз", - деп айтат Клопп.

"Рома" (Италия) - "Ливерпуль" (Англия)

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 2:5

Стадион: "Олимпико" (Рим шаары)

Калыс: Дамир Скомина (Словения)

Башталышы саат 00:45 (Бишкек убактысы боюнча).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Modric10
2018-05-02 17:55:42
Давайте Рома эрдик жасагыла дагы. барсаны ургандай ургула. а биз силерди Киевден кутобуз.
+1
azabraza
2018-05-02 18:33:34
Modric10,эмне ливерпульдан коркуп атасынарбы
+4
O.dembele
2018-05-02 19:36:55
azabraza,Оа коркуп жатат 100% Салах реалды окутат деп
-3
Isco22
2018-05-02 22:51:52
azabraza,бавариядан ливерпулга оттунорбу? ХХХХХХХ
+2
nemo2016
2018-05-02 23:49:17
Isco22,реалдын куйормандары эмне силер ХХХХХХХХХХэмне себептен десенер ар бир аюнга Бакиев кунолуу дегендей барса кунолу дейсинер реалный коз караш мн карасанар ХХХХХХХХ
-2
Isco22
2018-05-03 09:01:15
nemo2016,е ХХХХХХХХХ мен барса куноолуу ьул оюнда деп атамбы?
0
admin_superstan
2018-05-03 09:06:50
Isco22, nemo2016, порталдын эрежелерин сактагыла!
0
salimbek87.kg
2018-05-02 17:55:55
Реал буйруса чемпион болот.
+3
Tyty1990
2018-05-02 18:04:25
Барсачылар айласыздан ливерпульга жан тартышат эми ХХХХХ
+2
FCB14
2018-05-02 18:13:35
Tyty1990,Жылчы Барсага асылбай
-8
BBB88
2018-05-02 19:43:45
FCB14,Барса Испанияда слабый командаларды женип конуп калганда..ушинтип билинет чет жака чыкканда кимдин ким экени..реал алга
+5
FCB14
2018-05-02 20:48:18
BBB88,Барсанын эмез бул оюнда Вальверденин тажырыйбасы жетпеди 1- оюну ЛЧдо унутпа
-4
jonokoi.bala
2018-05-02 21:08:14
FCB14, Эсиңде болсо Зидан 1-жылы машыктыруучу болгондо эле ЛЧ уткан. Токтоп калбай Реалды 3-жыл катары менен финалга алып чыгып атат..
+3
FCB14
2018-05-02 21:10:28
jonokoi.bala,Зидан мн Вальверденин тажрыйбасын салыштырсан сен биринчи.
-2
jonokoi.bala
2018-05-03 14:39:17
FCB14,
Вальверденин тажрыйбасы күчтүрөөк, анткени көп жылдык тажрыйбасы бар, Барселонага чейин күчтүү командаларга тренерлик кылган
0
FCB14
2018-05-02 21:12:32
jonokoi.bala,анан да бул жерде ни только Зидан алып чыккан жок.Перес судья Зидан учоо биригип ушул даражага жеткизди реалды.
-4
jonokoi.bala
2018-05-03 14:40:07
FCB14, Барселонага былтыр судья жардам берип ПСЖны жеңип берип койду эле Ювентус менен түшкөндө эмне болду?))
0
FCB14
2018-05-02 20:49:09
BBB88, Анан дагы Барса судья менен бир команда болбойт
-1
Janel2013
2018-05-02 21:14:03
BBB88, Реалды дайыма утат гоо. Анда реал слабая команда экен да.
-3
Mydearzh
2018-05-02 18:18:35
Ливерпуль алат окшойт деп калдым да...
+2
mir_said87
2018-05-02 18:27:58
ливерпул
+1
karakulja
2018-05-02 18:29:18
Салах салат
+1
Beknur10
2018-05-02 18:49:26
Салах бузун 2гол согот
-1
expert.007
2018-05-02 19:34:45
Ливерпуль Манчестер ситини конокто жеңген. Ушуну эстен чыгарбагыла
0
Meni_unut
2018-05-02 20:08:27
Салах газды бас...Рома учат бугун уйуно карап...Барсанын фанаттары бугун Ромага тартат.Ливерпуль Барселона эмес, озунун уйундо утуп, келип 3:0 чыгып кете турган...
+1
bond02
2018-05-02 20:46:24
Реал чемпион болуп конгон да, дагы да чемпион болот буюрса. Алга реал!!!
0
uran98
2018-05-03 01:15:48
Ээ Ливерпуль Рома жөнүндө сөзго не эле Реал Барса кылып атасыңар

Күчтүүсү жеңсин финалда күтөбүз
+1
Adi.Avazbekov
2018-05-03 01:52:11
Ливерпул женди уже
+1
Adi.Avazbekov
2018-05-03 01:52:27
Финал реал&ливерпул
+1
Adi.Avazbekov
2018-05-03 02:37:34
Romaga 1 gol jetbei kaldy roma liverpool 4 2
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан