Белгилүү түрк жылдызы Мурат Йылдырым шоколад сатса, Мерьем Узерли косметикалык каражат саткан компания ачкан. Дагы кайсы атактуу кандай бизнес менен алектенет?

Көпчүлүк атактуулар чыгармачылык менен эле чектелип калбайт. Түрдүү тармактагы бизнести өздөштүрүүгө шыктуу жылдыздар көп. Бүгүн түрк киносунун белгилүү жылдыздарынын чыгармачылыктан сырткары кандай бизнестери бар экенин тизмектеп көрдүк.

Бурак Өзчивиттин “Бали бей” деген рестораны бар

“Даңазалуу доор” сериалында Бали бейдин ролу аркылуу популярдуу болгон актёр Бурак Өзчивит Стамбулда “Balibey Doner” деген ресторан ачып, учурда ал ресторанды актёрдун атасы иштетет. “Боз торгой”, “Түбөлүк сүйүү” сериалдарынын жылдызы Бурак Өзчивит маектеринин биринде чоң атасы шишкебекти мыкты жасачу деп айтканы бар. Ал 4 муундан бери келе жаткан үй-бүлөсүндөгү шишкебек бышыруу искусствосун улантуу милдети экенин билдирген. Актёрдун ресторанынын ачылышына белгилүү түрк жылдыздары катышып, кечеде актёр Стамбулда бир нече ресторан ачууну пландап жатканын кошумчалаган.

Мурат Йылдырым шоколад сатуучу дүкөн иштетет

“Аси” сериалы аркылуу таанылган актёр Мурат Йылдырым мурунку жубайы Бурчин Терзиоглу менен ажырашып, марокколук модель жана актриса Имане Эль Баниге үйлөнгөндөн кийин шоколад сатуучу дүкөн ачкан. Түрк маалымат каражаттары актёрдун ал дүкөнү чыгымга учурап жабылып жатканын кабарлашкан. Бирок Мурат Йылдырым андай кептерди четке кагып, банкрот болбой эле дүкөндөрү кеңейип, башка жакка көчүп жатканын билдирген.

“Журналисттер Бебек районундагы дүкөнүбүздүн жабылып жатканын көрүп, бизди жабылды деп ойлошуптур. Биз болгону башка районго көчүп, дүкөндөрүбүздү кеңейттик”, - деген ал.

Туба Бүйүкүстүндүн техникалык жабдыктарды сатуучу эки ишканасы бар

Кыргыз көрүүчүлөрүнө “Аси”, “Эр жүрөк жана сулуу” сериалдары менен белгилүү болгон актриса Туба Бүйүкүстүндүн техникалык жабдыктарды сатуучу эки ишканасы бар. Актриса мындай ишкердикке чыгармачылыгынын артынан тапкан каражатка ачканын жашырбайт. Ошондой эле ал жолдошу экөө Стамбулда ресторан ачып, анын ичин жасалгалоо иштеринин баарына өзү кийлигишкен.

Нургүл Йешилчайдын сумка сатуучу дүкөнү бар

“Кылмыш жана жаза”, “Турмуштун таш-талканы” сериалдарынын жылдызы Нургүл Йешилчай бош убактысында колго сумка тигип жүрчү. Кийин ал кызыгуусу чоң ишкердикке айланып кетерин өзү да билген эмес. Съёмка учурунда же башка себептер менен бошой калганда сумка тигүү менен алектенген актриса эмгектеринин сүрөттөрүн интернетке жүктөөр замат популярдуу болуп чыга келген. Учурда актриса өзүнүн сумкалар линиясын чыгарат. Анын эмгектерине Түркияда талап жогору.

Мерьем Узерли косметикалык каражаттарды чыгаруучу компания ачкан

“Даңазалуу доор” сериалында Хюррем султандын ролун аткарган Мерьем Узерли араб өнөктөштөрүнүн жардамы менен “Meryem cosmetics” деп аталган бренддеги косметикалык каражаттарды чыгаруучу компания ачкан. “Косметикалык каражаттар Абу-Даби шаарындагы заводдордун биринде жасалып, бардык айымдардын капчыгына ыңгайлуу баада сатылат”, - дейт актриса.

Пелин Карахан кондитердик фабрика ачууну көздөөдө

“Даңазалуу доор” сериалында Михримах султандын ролун аткарган актриса Пелин Карахан кичинесинен таттуу тортторду колго жасаганды жакшы көрөт. Ал кулинардыкка болгон кызыгуусу тууралуу: “Даңазалуу доордо” тартылып жүргөндө эки айдай наабайканада иштеп жүргөм. Мага ал жумушту өздөштүрүү кызык болгондуктан бекер иштегем. Кардарларыбыздын буюртмасын Михримах султан көтөрүп келгенде аябай таң калышчу. Айрым кардарлар өзүн жоготуп наабайканага эмнеге келгенин деле унутуп коюшар эле”, - деп эскерет. Пелин Карахан - көп жылдан бери кулинардык шоунун алпаруучусу. Өзү да убактысы болсо таттууларды чыгаруучу фабрика ачууну пландоодо. Учурда Стамбул шаарынан ылайыктуу жер издеп жүргөнү айтылат.

Жогоруда аталган белгилүүлөрдөн сырткары актриса Бергюзар Корель Стамбулда кафе иштетсе, аткриса Берен Сааттын жолдошу ырчы Кенан Доулунун Лос-Анжелесте кийимдер дүкөнү, Анкарада түнкү клубу бар. Ал эми актёр Эркан Петеккая Стамбулда эт саткан дүкөндүн ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zeinep.18
2018-05-02 19:20:20
Урматтуу СуперИнфо турк актеру Чагатай Улусой жонундо маалымат жазыныздарчыыы... суранам...
+1
Tyty1990
2018-05-02 22:01:53
Мен ош базарга газ вода ачайын десем,ижара акысынын баасын укканда газ вода сатмак турсун 3 күндөн бери суусай элекмин
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан