Бишкекте 10 жаштагы кызды чет өлкөгө уурдап кетүүгө аракет кылган адам Испаниянын жараны болгон

10 жаштагы кызын чет өлкөгө уурдап кетүүгө аракет кылган адам Испаниянын жараны болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми 10 жаштагы кыз менен анын апасы Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан.

"Окуя 30-апрелде борбор калаадагы 4-кичи райондо болгон. Анда спорт аянтчасында ойноп жаткан 10 жаштагы кызды атасы күч колдонуу менен унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткен. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жана чек ара кызматкерлеринин өз убагында чара көрүүсү менен С.А. аттуу 50 жаштагы Испаниянын жараны кармалган. Ошондой эле кызды апасына беришкен", - дейт басма сөз катчы.

Учурда тийиштүү документтер чогултулуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, кечээ, 1-майда 10 жашар кызын башка өлкөгө уурдап чыгып кетүүгө аракет кылган чет элдик жаран кармалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан