3-май күнү төрөлгөндөр кызыл тил, баштаган ишинен кайтпаган, адамды өзүнө тартып турган сүйкүмдүү жан болушат.
3 санынын астында жарыкка келгендерге жогорку интеллект, сүйлөшкөндө адам ырахат алган сапат таандык. Алар ичине сыр катпаган, болгон нерсеси менен бөлүшө берген сапатынан улам кээде жагымсыз жагдайларга кабылып калышы мүмкүн.
Бул күнү төрөлгөн айымдар тамак жасаганды жана досторунун көңүлүн көтөргөндү жактырышат. Мыкты дос, сырдаш, кеңешчи дал ушул адамдардан чыгат. Ошондуктан көпчүлүк энергиясын достукка жумшаса пайда көрөт.
Жылдыздар 3-майда төрөлгөндөргө жеке жашоодо түгөйүнө талапты өтө жогору коё бербөөсүн сунуштайт. Каржы маселесинде кээде алсыз келишет. Айрымдары жумушуна катуу берилип үй-бүлөсүн унутуп койгонго чейин барат. Анткени билимин керектүү багытка жумшап жатам деп ойлойт. Ошол эле учурда үй-бүлө коломтосу алардын көңүл буруусун талап кыларын унутпашы кажет.