Караколдогу төрөтканадан 4 ымыркайга жугуштуу оору жугуп, алар майып болуп калышты
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы төрөткананын дарыгерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук прокуратурасына Каракол шаарындагы төрөтканадагы дарыгерлер алардын ымыркайларына "остеомиелит" жугуштуу оорусун жуктуруп, алар майып болуп калганын айтып 4 адам арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу аталган төрөтканада текшерүү иштери жүргүзүлүп, арыз менен кайрылган 4 адамдын балдары ошол төрөтканада төрөлгөнү, кийин баарына "остеомиелит" жугуштуу оорусун жуктуруп алышкан деген диагноз коюлганы белгилүү болгон.
"Дарыгерлер өз милдеттерин так аткарып, ал ооруну убагында байкап, дарылабаганы үчүн ал оору күчөп балдар майып болуп калган. Алар азыр мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер катары каттоого алынган. Учурда бул төрөтканада төрөлгөн башка балдарды да текшерүү иш-аракеттери жүрүп жатат.
Бул факты боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 119-берене (медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы) жана 316-берене (шалаакылык) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө үчүн тийиштүү органдарга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.