ЖЫЛНААМА, 3-МАЙ: 37 жашка толгон ырчы Кубаныч Ажыбаев: "Туулган күнүмдө биринчи жолу тортко коюлган шамды үйлөдүм"

Бүгүн ырчы Кубаныч Ажыбаев 37 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Жеке иштерим менен Ош шаарында жүргөм. Ал жактагы досторум кечинде туулган күнүм менен куттуктап, торт ала келишиптир. Өмүрүмдө торттун шамын үйлөгөн эмесмин. Биринчи жолу торттун үстүнө коюлган шамды үйлөдүм. Кыскасы, аябай жакшы кече болду. Туулган күнүмдү кечинде үй-бүлөм менен тосоюн деп учак менен Бишкекке келгем. Бирок жакын тааныштарымдын бири тоюн алып баруумду өтүндү", - дейт ал.

Ырчы Кубаныч Ажыбаев 1981-жылы 3-майда Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында төрөлгөн. 4-класстан бери комуз менен ырдап, дастан айтып кароо-сынактарга катышып, байгелерди жеңип жүргөн. 2002-жылы Бишкекке келип Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук консерваториясынын элдик ыр ырдоо бөлүмүнө тапшырып, аны бүтүргөн.

2005-жылы Кубаныч Ажыбаев Бактыгүл аттуу айымга үйлөнүп, учурда 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

Репертуарында "Неге сени сүйдүм, ай?", "Атасынын баласы", "Сулууларга суктанууга акым бар" аттуу белгилүү ырлары бар.

3-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Batma.Sh
2018-05-03 21:38:17
Сулууларга суктанбаса деле болчудай.Келинчеги ансыз деле;сулуу экен.)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан