Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имаратта мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркана бар экени аныкталды.
Алгач ал жерде жашыруун иштеп жаткан казино бар экени тууралуу маалымат Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына түшкөн.
Ал дарекке аталган мекеменин кызматкерлери жашыруун казино иштеп жатат деген шек менен барып, кумар оюндарын ойноого ылайыкташкан шарт түзүлгөнүнө күбө болушту.
Ал эми ошол жерде ойногон оюнчулардын бири бүгүн эле 4 сааттын ичинде 50 миң сом уттуруп жибергенин айтат.
"Мен бул жерге бүгүн эле 50 миң сом уттуруп жибердим. Буга чейин баш аягы 600 миң сомдой уттурдум. Мындай кумарканалардан кутула албайт экенсиң. Буларда мен тууралуу маалымат бар экен, өздөрү чакырды. Жакындарымдан, досторумдан карызга акча ала берип, уттура берип тажап кеттим. Азыр өзүмө-өзүм кол салгандан кайра тартпай турган абалга барып калдым", - дейт акчасын уттурган адам.