Бишкекте ырчы KG Элмурат жеке шоу-концертин өткөрдү

2-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында ырчы KG Элмурат жеке концертин өткөрдү. Ал Бишкекте 13 жыл арзып күткөн тушоо кесүү концертин берип, күйөрмандарын топтоду.

"Эр жигит 15 жашта октолот, 30 жашта токтолот. Юбилейимдин урматына концерт берүүнү көздөп, 13 жылдан бери даярданып жүрдүм. Сахнаны өзгөчө жасалгалоо үчүн, тиктирген жаңы кийимдеримди кошкондо миллион сомдон ашык каражат короттум", - дейт ал.

Чыгармачылык кече өзгөчө кийимчен бийчилердин шоу номери менен башталды. Андан соң KG Элмурат сахнага чыгып, Бишкек шаарынын тургундары менен амандашып, репертуарындагы ырларын аткарды.

2 сааттан ашык убакытка созулган концертти ырчынын сахналаш достору, шакирттери жана бийчилер коштоду.

KG Эльмурат: "Концертке 13 жыл даярданып, ага миллион сомдон ашык акча короттум"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
sirgak_92
2018-05-03 03:48:27
Эл аз эле го
0
barsbegKG
2018-05-03 04:47:42
Толик сынчы кайда жүрөт аябай мыкты тизмектеп жазчу?
+4
almanbetperm
2018-05-03 05:58:23
Актадыбы анан лимонду
0
sirenaaaaa
2018-05-03 07:08:11
Концертке кетирген акчага уккулуктуу ыр жаздырсан жакшы болмок
+2
gulzat85
2018-05-03 07:10:34
Ушул ырчынын дегеле нормальный бир ыры барбы?
+1
sara90
2018-05-03 08:05:34
сахнасы озгочо болуптур чыгармачылык ийгилик!
+3
Zainidin96
2018-05-03 12:23:55
Концерт жакшы отуптур жасалгасында кем карчысы жок калганын Толик сынчыдан угабыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан