Чемпиондор Лигасынын финалында "Реал Мадрид" менен "Ливерпуль" кез келет

3-майга караган түнү футбол боюнча клубдар арасындагы Европа биринчилиги - Чемпиондор Лигасынын жарым финалы орун алды. Анда Рим шаарында италиялык "Рома" өз талаасында англиялык "Ливерпулду" кабыл алды.

"Олимпико" стадионунда орун алган беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн баштап италиялык команда бир нече кооптуу чабуулдарды жасап, бирок таамай болгон жок. Беттештин 9-мүнөтүндө "Романын" коргоочулары орто бөлүктө катачылык кетиргенден улам топту англиялык команда тартып алды, Роберто Фирмино атаандашынын айып аянтчасында топту Садио Манеге чыгарып берсе, Мане таамай сокку менен эсепти 0:1 кылып кетти. 15-мүнөттө "Ливерпулдун" оюнчулары өзүнүн айып аянтчасында бири-бирин түшүнбөй өз дарбазасына гол киргизип алышты. 26-мүнөттө "Ливерпуль" командасы кайрадан ийгиликтүү чабуул жасап, Жоржиньо Виналдум эсепти 1:2 кылды.

Бул кызуу беттеште талаа ээлери жеңилүү ызасын тартууну каалаган жок. 52-мүнөттө Эдин Жеко эсепти тең кылса, 86-мүнөттө жана 2-таймдын кошумча убакытта Ража Найнгголан айырмаланып, беттеш 4:2 эсебинде аяктап калды.

Ди Франческонун командасы жеңишке жеткени менен, 2 беттештин жыйынтыгында 6:7 эсеби катталып Чемпиондор Лигасынын финалына "Ливерпуль" өттү.

Эми, 26-майда Украинанын Киев шаарында клубдар арасындагы Европа биринчилиги - Чемпиондор Лигасынын финалында испаниялык "Реал Мадрид" менен англиялык "Ливерпуль" футболдук клубдары кездешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
salimbek87.kg
2018-05-03 06:09:48
Буйурса реал чемпион болот алга реал .
+11
mir_said87
2018-05-03 07:35:55
Реалбек алга
+11
Modric10
2018-05-03 07:39:23
Буйруса быйыл дагы Реалбек кубокту алат экен. ийгилик
+9
Isco22
2018-05-03 08:59:45
Попппарикано Гудбай Рим.Реал алга. Барсачылар Ливерпулга откуло эми))
+8
Isco22
2018-05-03 09:11:19
Немо2016 мина24 мессикинг коутиньо14 дембеле18 ракитич суарес дегендерге: Буй буйбуй буййбуйбуййййййййй ииййй
+2
King_Messi
2018-05-03 10:25:51
Мактангыла озунор кыйратып жаткансып эртен Эл классикодо коробуз! Р
-6
Adi.Avazbekov
2018-05-03 10:39:34
Roma katuu oinodu birok bolboi kaldy
+6
Meni_unut
2018-05-03 10:54:34
Айттым го мен кечээ "Ливерпуль Барса эмес утула турган"деп)))
+7
bazarkyl
2018-05-03 11:35:08
Meni_unut, эң эле туура айткан
экенсиң. Ливерпуль дүң триосу Реал ды
Жарат буйруса.
-5
FCBMESSI
2018-05-03 14:07:04
Эль классиконун эртеси реал фанаттары унчукпай отуруп калат))
-1
Beknur10
2018-05-03 22:11:50
Реял барселона 1-4 буйруса
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан