АКШда аскердик учак кыйрап, ичиндеги тогуз адамдын баары каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 2-майда болгон. Анда абага көтөрүлгөн учак магистралга кулап түшкөн. Бактыга жараша, учак кулап түшкөн учурда жолдо унаалар болгон эмес. Учак Аризона штатынын Дэвис-Монтан базасына бара жатканда кырсыкка кабылган. "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги Пуэрто-Риконун бийлигине таянуу менен учакта тогуз адам болгонун жазып чыкты. Ал эми кыйраган С-130 Hercules үлгүсүндөгү учактар АКШда жана башка мамлекеттерде десанттык аракеттер жана аскердик жүк ташуулар үчүн колдонулат. Азырынча кырсык эмнеден улам келип чыкканы айтыла элек.