УКМК: "Жазаларды аткаруу кызматынын айрым өкүлдөрү өлкөнүн казынасына 2,5 миллион сомдон ашык зыян келтирген"

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, көчмө механизациялашкан колоннасынын жооптуу адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчмө механизациялашкан колоннанын кызматкерлери эмгек акысын мыйзамсыз көбөйткөндүгү жана түзөтүү мекемелерин куруу боюнча мамлекеттик сатып алуу, куруу-монтаждоо иштери үчүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө мыйзам бузгандыгы аныкталган. Алардын мыйзамсыз аракеттеринен мамлекеттик казынага болжол менен 2 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

"Ушул жылдын 2-майында Атайын прокуратура Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, көчмө механизациялашкан колоннасынын кызматкерлерине чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлик кылуу), 189-беренеси (ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу), 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу), 306-беренеси (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш ишин козгоду", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берүү учурунда кармалган көчмө механизациялашкан колоннасынын башчысы И.Ю. кош жарандуулугу бар экени айтылат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан