Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан улам 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилди

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан улам 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 3-майда эртең менен саат 7:15 чамасында катталган.

"Бишкек-Ош унаа жолунун Таш-Көмүр шаарчасынын Чүйүт-Сай айыл аймагында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдогу бакты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилген. Учурда Таш-Көмүр жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерде иштеп жатышат. Азырынча унаанын айдоочусунун жана каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда", - деп билдирет маалымат катчы.

Ош-Бишкек жолунда каргашалуу кырсык: 18-20 жаштагы 3 адамдын өмүрү кыйылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aslan_akjol89
2018-05-03 09:40:54
Аллах куноолорун кечирсин.Жапжаш омурлор кыйылып кетиптир,аттин.Баш сооктору сынып,мээси чачылып кетиптир.Коруп алып аябай кыйналдым.Эки кыз,эки бала экен.Эки кыз бир бала каза болуп,водитель тируу калыптыр.
+2
alikgz
2018-05-03 10:04:30
Бул степ вагон кыргызды жок кылмай болду,
+14
leilekstan_1987
2018-05-03 10:11:30
бул степ вагон эмес эле смерт вагон болуп калдыго
+18
karakulja
2018-05-03 10:20:44
Дагы башталдыбы?
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
+3
Nevestkaa
2018-05-03 11:30:41
Кыргыз элим ушул степвагонго чыкпай эле койгулачы,жетишет бул жагы канча адамдын өмүрү кан жолдо кыйылды.Баардык нерсе Алланын колунда дегилечи,бирок булар деле акшыңдабай акырын айдашса мүмкүн мындай болмок эместир.Шоферлордо кыпындай болсо да ой болобу мен ушунча өмүрдү алып баратам бир эне бири ата бири бир тууган ушулардын өлүмүнө заабын болбоюн деп ойлонушабы же эрте жеткенине мактанып жүрө беришеби.Бийликтегилер ойгонгулачы .
+3
abon
2018-05-03 13:08:49
интернетти ачып, жакшы, пайдалуу жанылык окуп, маанайды котороюн десен соссуз кунуно жол кырсык, жол кырсык, каза болду деген кабар, , , ээх АЛЛАХ Жаткан жерлерин нурдуу кылсын. Смерт вагондор секинраак журсун!
+1
sherzatik
2018-05-04 03:56:13
abon,ушундай кырсыктар көп болуп жатса жакшы жаңылык кайдан. Катуу айдаган мас болуп айдагандардын айынан адамдардын өмүрү кыйылып жатпайбы бей күнөө
0
jbolotov
2018-05-03 18:07:18
Жол Кыймылын Козомолдоо кызматы ушул ылдамдыкты чектегенге алы келбейт экенда,перевал ылдый ойдо болгондуктан жеке ОшБишкек трассасына ото катуу чараларды киргизиш керек катуу айдагандарга
-1
mirkaa5182
2018-05-04 07:06:18
Катуу, шашып айдагандн кесепети болуп атат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан