Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун 19 жаштагы тургуну эшектерди уурдап жүргөн деп кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкор РИИБине Кара-Күңгөй айылынын үч тургуну арыз менен кайрылышкан. Арызда ушул жылдын 17-апрелинен 18-апрелине караган түнү арыз ээлеринин короосунда байланып турган эшектерди белгисиз жаран уурдап кеткен. Мындан улам айылдан бир түндө үч эшек жоголгон. Жогорудагы фактылар боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кочкор районунун Кара-Саз айылынын 19 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.