Ош шаарында футзал боюнча Өлкө чемпиону аталган "EREM" командасын салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-май күнү Ош эл аралык аэропортунда футзал боюнча Өлкө чемпиону аталган "EREM" командасын салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага шаардын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев, машыктыруучулар, спортчулар жана команданын күйөрмандары катышкан.
"Жеңишиңер кут болсун! Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Командага көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!" - деп билдирген Турдуев.
Айта кетсек, Бишкек шаарында футзал боюнча Өлкө чемпиондугунун финалдык беттешинде Оштун "EREM" командасы Бишкектин "Алга" командасын жеңип алып, Өлкө чемпиону аталган.