"Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун алкагында түркмөнстандык клубдан ири эсепте жеңилип калды

Оштун "Алай" футболдук клубу футбол боюнча АФК Кубогунун алкагында түркмөнстандык "Алтын-Асыр" клубунан ири эсепте жеңилип калды.

АФК Кубогунун 5-турунун алкагында Оштун "Алай" футболдук клубу Түркмөнстандагы Балканабад атындагы стадиондо "Алтын-Асыр" менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында түркмөнстандык команда "Алайга" бир дагы мүмкүнчүлүк калтырбай, 5:0 эсебинде жеңишке жетти. Анда "Алтын-Асыр" командасынан Мекан Аширов, Мурат Якшиев 2 жолу жана Алтынмурат Аннадурдыев 2 жолу айырмаланды.

Эске салсак, Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо орун алган "Алай" - "Алтын-Асыр" беттешинде түркмөнстандык клуб 6:3 эсебинде жеңип алган.

5 турдун жыйынтыгында "Алтын-Асыр" 11 упай менен 2-орунду ээлесе, "Алай" командасы упайсыз 4-орунда жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
FCB14
2018-05-03 16:46:44
Ойнобой эле койгулачы футбол
+3
nukura_jigit
2018-05-03 16:52:51
Эркексинер !
+3
Syimyk.isaev
2018-05-03 17:29:33
Койчай! Не баля боп кеткенсиер?
-2
mirbek_kgz.1990
2018-05-03 23:20:07
Ар жылы ушул корунуш.Топ Лиганы кучтондуруп кобуроок команда кылыш керек.Атаандаштык болгон жерде осуш да болот.Ар жылы же Алай же Дордой чемпион боло берсе биздин фудбол алдыга жылбайт.Ички чемпионатты которсо ошондо эл аралык аренада бир демкеге умут кылса болот.Бирок бизде азыр каражат,шарт да жок.Норм бир стадионубуз жок.Умут кылып калабыз бизде да осуш болуп калар Ин Шаа Аллах!
0
tomly
2018-05-04 23:04:49
Биздин псж-быз ички чемпионатта баарын утат башкалар менен ойногондо утулат
+1
King_Messi
2018-05-04 23:13:46
Алайдын ванатары саткын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан