Кара-Сууда 10 жаштагы бала менен 67 койду тебелеп кеткен унаа суусундук чыгарган компанияга таандык болгон

Кара-Суу районунда 10 жаштагы бала менен 67 койду тебелеп кеткен унаа "Coca Cola" компаниясына таандык болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Кырсыкка учураган унаа "Coca Cola" компаниясына таандык болгон. Ал Кара-Суу РИИБинин айып аянтчасына токтотулуп, айдоочусу 1997-жылы туулган Алай районунун тургуну Н.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сурак берүүдө. Кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен толук маалымат берилет", - дейт басма сөз катчы.

Эскерте кетсек, 1-май күнү Алай районунан Ош облусун көздөй бара жаткан унаа Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунда кырсыкка кабылган. Тактап айтканда, жол боюнда койлорун айдап бара жаткан 10 жаштагы баланы жана койлорду сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 67 кой өлүп, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Бекжар айылынын тургуну М.Б. алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Учурда SUPER.KG порталы жогоруда аталган компания менен байланышып, экинчи тараптын оюн угууга аракет кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Okunboim.
2018-05-03 16:16:01
Катуу ылламдыкта келе жатып ,койлорду корбой депсеп анан баланы да сузуп кеткен. Озу да шок абалда машинаны токтото албай калган окшойт. Жакындарына сабыр айтам..
0
abon
2018-05-03 16:17:37
10 жашар бала экенин окуп, коз алдыма озумдун иним келип козумо жаш толду*(( мен инимден алыстамын, ото боорум ачышты(((
+2
Paprikafm
2018-05-03 16:18:22
Ошондой чон машинаны 97-жылкы бала айдайбы, ото окунучтуу
+4
abon
2018-05-03 16:20:09
Paprikafm,туура, 1997 Эми 21 ге чыккан бала болот, стаж кобуроок болуш керек болчу,,, эх
+7
rysik79
2018-05-03 16:39:47
Баягы эле ылдамдыкты сактабагандык. Жол эрежесинде бажырайып жазылып турат "населённый пункт максимальная скорость 40км час" дееп. Жол эрежесин бузуп жатат демек. 40 менен келген машина кантип 67 кой менен жаш баланы коруп токтоп улгурбосун. Олгондо 80 менен келе жаткан. Окунучтуу абдан.
+3
bekhaliev
2018-05-03 16:54:10
Фирмасыда кунолуу фарасы кыйладан бери слабый жанат экен эле
+1
jibew
2018-05-03 20:15:21
Кечки саат 10 до болуптур кырсык. Карангы киргенден кийин мал айдаганды токтотуш керек. Айрыкча жаз куз мезгилинде аябай коп болот ушундай корунуштор. Ата энелери да куноолуу тунку саат 10 до 3-класстын окуучусуна мал айдаткан!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан