Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук соту 6 жашар баланы бир нече ирет сексуалдык мүнөздөгү бачабаздык кылышкан үч өспүрүмгө карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук сотунун маалымат катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук соту өкүмдү 28-апрель күнү чыгарган.
6 жашар өспүрүмгө карата бир нече ирет сексуалдык мүнөздөгү бачабаздык кылышкан О.А. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.
Кийинки айыпталуучулар Р.Ч. жана Э.у.Р. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен күнөөлүү деп табылышкан. Алардын ар бири 8 жылга эркинен ажыратылып, жазаларын жашы жете элек балдарга карата жалпы тартиптеги тарбиялык абагында өтөөсү белгиленген. Бөгөт коюу чаралары өзгөртүүсүз камакта боюнча калтырылган. Моралдык зыян катары жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына соттолуучулар О.А.дан 100 миң сом, Р.Ч.дан 50 миң сом жана Э.у.Р.дан 50 миң сом өндүрүлүп берүү милдеттендирилди.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 2017-жылдын 30-май күнү милицияга "Барскоон айылынын 6 жашар тургуну зордукталды" деп баланын ата-энеси арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жана 17 жаштагы Барскоон айылынын тургундары кармалып, камакка алынган. Алар күнөөсүн моюнуна алып, соттун чечими менен тергөө мезгилине чейин камакка алынышкан. Шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон.